Бурап-сурап чыгаргыла! Чыгардык...

* * * Бурап-сурап чыгаргыла! Чыгардык. Андан кийин эмне болот? — Эч нерсе. Үймөктөлөт буроо-суроо улам жык, Бош дүйнөдө турдук чылым чеккенче. Тажатма бул темир-тезек ооп кетет, Аны андай, муну мындай коюп сал. Капкараңгы түндөн анан жооп кетет Жаңырыктап күңгүрөгөн добуштар. Кайра муну жалгаштырган азап да, Тетиктерди кыйын эми чогултмак. Улантабыз оор жумушту тажатма: Бөлүп-жарып, бурап-сурап, толуктап. Бирөө турса сыртынан сыр алдырбай, Кээ бирөөлөр чындап эле түшүнбөйт, Мында эч кандай кубаныч жок, далдырбай, Бул акылдан жакшы майнап күтүлбөйт. Көрсө, дүйнө түпкүлүгү чектелип, Араң эле турса керек кармалып, Куулугу жок ишенимден эптелип, Кургак акыл кур сөздөргө жалганып.