Баш-аяксыз убараны түшүнөм...
* * *
Баш-аяксыз убараны түшүнөм,
Азыр келет атам түнкү ишинен.
Дагарага кир жууйт апам тигинтип,
Дагарада анан мени киринтип.
Деле бүтпөйт кара жанды карч урмай!
Чоң энем да анда жапжаш ал тургай.
Чоң атам да ооругандай түрү жок,
Кремлде бар Никита Хрущёв.
Байкуш иттер ракетада учушкан,
Артын айтпай, сырды бекем тутушкан.
Өмүр минтип үзүлөрүн тез билдим,
Оп тарткыдай арааны чоң мезгилдин.
Жулуп, тартып — колун мезгил узарткан,
Сугун артып — көзүн мезгил кызарткан.
Убактың да жетпейт аны жеңишке,
Деп ачылыш жасайт бизге Периште.





