Сен ага: шашпа, бир азга токтой турчу...
* * *
Сен ага: шашпа, бир азга токтой турчу,
башым ооруйт куйгандай коргошунду,
күзгүдөн карап алып өзүмдү өзүм,
тааный албайм, не болгон менин жүзүм?
Сен ага: күндөр чуркайт так түйүлүп,
таң атты эле — азыр турат чырак күйүп,
жан эмне, эски элекпи тез жыртылар?
А ал сага: и-и, анын эмнеси бар?
Мына, кара, бегемот чөп оттоодо,
аркы сууда крокодил чабыттоодо,
бардыгына пейли кенен зоопарк-бак,
үндөр чыгат: мяу, хрю, ав, карк-карк.
Менде баары өз ордунда асман, тоолор,
менде деңиз, дарыя, бар токойлор,
чыңкылдап ырдайт чиркей. Сатасың не?
Өзүңдүн товарыңды көрсөтчү же.





