Караоке

Курчап алды мени жымжырттык, нак өлүмдүн окшоп туундусу. Ойлорумду ороп бул тынчтык, кечкм көккө келет учкусу. Өжөрлөнө түндү аралап, өзү издеген үндү таап алат. Караоке. Лондон сыраканасы. Кечки асман түрттү ага кирүүгө. Элпек краб дайым даяр карачы, вискиге сыра кошуп берүүгө. Кокни мырза үшүгөнүн жар салат. Чагылат күзгүлөрдө бак-дарак. Кокни айым анча-мынча назданып, секичеге чыга келди жыргап да, тизе, төшү төгүлүүгө аз калып — вискидей баш айланткан ыргакка, жылаңач дене жарым-жартылай, пери сымал арбап жанды алчудай. Ырдап кирди болушунча чечилип, аял эмес, кыз боюнча жүргөнсүп, үнү ыргакка коошпой жатты кечигип, ырдаса да ысып-күйүп, бир көлкүп. Же бул обон, жалган ойноп тердеткен, өч алабы автор үчүн эрте өткөн? Кайгы-муңум азайткының сен менин, Есениндин Апполону жай тапсын. Алыска барбай турган жердемин, тургунундай түндүктөгү аймактын, акыл-эстен адашкансып чарпылам, спирт ичип спиртин да артынан. Замана табитиңди бузганы, батыштын ырын далай эшиттик, ушундай ырдачу эле кыздары Сетундагы окуу жайда кесиптик. Жаңыртса жалаң майлав, гудбайды, жалындап турган жаштык уктайбы! Күндөрдү караоке карыткан. Карек кара. Кечиң дагы карадай. А түгүл кара болуп жарык таң, микрофон — колдон түшпөс баладай. Пролетардык жүрөк калды мыкчылып, жердин баары дал ушундай бүт былык. Айыктыр, өзүң мени айыктыр, ошол уудан берип түндө дартыма. жин оорунун таандары ушу аныктыр, учуп келди көз артып орус даңкына, элге ачкычты сол жагынан беришсе, оңдон берет Саврасов Модестке. Чегинет тынчтык артка куржалак. Дүйнө уйкуда, сыракана жабылып. Эң бир таза назик үндө ырдалат асманда бешик ыры жаңырып. Бул эртеңки жакшылыкка болжонот: азабы жок, тажыясыз күн болот.