Арарат тоосунда уктайт дешет Библия кемелери...
* * *
Арарат тоосунда уктайт дешет Библия кемелери.
Авелдин мүрзөсү бар алыста деп айтышат.
Алаксытчы, карабайын түтөп турган жерлерди,
Ыпыр-сыпыр учкан чаңдан сактап калчы калкалап.
Алаксытчы, көрбөйүнчү жасоолдорду топтошкон.
Алаксытчы,укпайынчы сирена үнүн согуш деген сөздөрдү.
Айтышат го, капалансаң болосуң деп сен «Потоп»
Куткаруучу болсоң анда Вивлеем дейт өзүңдү.
Көрсөт мага,кайда барам, кантип кана тынчтанам.
Наристемди куткаруу үчүн кайда качам көрсөтчү.
Өзүнчө бир белгилерден мен баарысын биле алам.
Сен ачууңдан кайнап турган чакчайтпачы көзүңдү.
Менин өздүк талаамдагы маалыматты акыркы
Сенин ойлоп тапкан ошол адамдарын алышты.
Сен канчалык аябагын алар баары төрөлөт.
Сен канчалык калкалаба өзгөрбөстөн көбү өлөт.
Укпай калгам куштун ырын,ийнеликтин ырларын
Чабыка да чыкпайт сенин жандыктарың күнөөсүз.
Кара буудай арасында коңгуроо гул, гүлдөбөй
Качандыр бир сен бир нерсе түздүң беле көрсөтчү.
Жердин дагы бети эскирген,жаны дагы жүдодү.
Чоңум дагы кичинем да менин жалгыз мойнумда.
Санаганды уйрөттүм мен, ороо бардыр күйбөгөн,
Ороп алып, кайда чуркайм? Экөө менен колумда.
Аңга кулап жатат баары,келип көрүп талдагын.
Көрүп билген карашымды,абалымды өзгөртүп.
Кантип карайм тиги экөөнө, кантип турам, келип кет.
Убада бер, колдорумдан чымчык учуп чыгат деп.




