Кыш
Чифирь ысып, үбөлөнөт каткан нан,
Сүрөттөгү бал бир укмуш жыттанды.
Январь деген ак мышыгым накта айбан,
Пол астынан кармап келет чычканды.
Шымданып да, биликти оңоп кызытам,
Примус мына бал-бал жанып күчтөндү.
Нанды үбөлөп, чифирди да ысытам,
Айтам анан ардагыма: «Кыш келди».
Ал үн катпай отко коюп кар-сууну,
Эрийт өзү, эрийт көктө Ай дагы.
Жаап алат алтын башы аркылуу
Терезеге аяз сайган сайманы.
Ырдап кирет билишинче бүт ырды,
Капалыгы чөгүп кетет чөмүчкө.
Нанды үбөлөп, ысытат да чифирди,
«Февраль» деп айтат мага көмүскө.
«Чатырдан суу тып-тып тамат, тыңшачы...»
Мен акырын жооп беремин: «Бали!» деп.
Жана апкелген чычкан тоңбой турсачы!
Улутунам: «Кыш күчүндө али» деп.
Ал кайрадан отко коюп кар-сууну,
Кырып-жышыйт: казан көөсү оңбосун!
Жапканын көр алтын баштын жаркыны
Кылым баскан каргашанын ордосун.
Махоркадан чегип, ырдайм Сибирди,
Эргип кетем өзүмө өзүм жакканы.
Нанды үбөлөп, ысытам да чифирди,
Жаркыныма айтам жана: «Ап, бали!»
Сүрөттөгү бал бир укмуш жыттанды.
Январь деген ак мышыгым накта айбан,
Пол астынан кармап келет чычканды.
Шымданып да, биликти оңоп кызытам,
Примус мына бал-бал жанып күчтөндү.
Нанды үбөлөп, чифирди да ысытам,
Айтам анан ардагыма: «Кыш келди».
Ал үн катпай отко коюп кар-сууну,
Эрийт өзү, эрийт көктө Ай дагы.
Жаап алат алтын башы аркылуу
Терезеге аяз сайган сайманы.
Ырдап кирет билишинче бүт ырды,
Капалыгы чөгүп кетет чөмүчкө.
Нанды үбөлөп, ысытат да чифирди,
«Февраль» деп айтат мага көмүскө.
«Чатырдан суу тып-тып тамат, тыңшачы...»
Мен акырын жооп беремин: «Бали!» деп.
Жана апкелген чычкан тоңбой турсачы!
Улутунам: «Кыш күчүндө али» деп.
Ал кайрадан отко коюп кар-сууну,
Кырып-жышыйт: казан көөсү оңбосун!
Жапканын көр алтын баштын жаркыны
Кылым баскан каргашанын ордосун.
Махоркадан чегип, ырдайм Сибирди,
Эргип кетем өзүмө өзүм жакканы.
Нанды үбөлөп, ысытам да чифирди,
Жаркыныма айтам жана: «Ап, бали!»



