Көпкө сүйбөй жашап кайдан эстепмин...

* * * Көпкө сүйбөй жашап кайдан эстепмин Каталарын өзгөнүн да, өзүмдүн. Сен деп терең деңизди да кечмекмин, Жаш баладай күлгөнү үчүн көзүңдүн. Ай-талаада өзүмдү кууп жүрөмүн, Жок сүйүүнүн жообун сурап жолдо ошо. Өзүң үчүн тең бөлсөм да жүрөгүм, Кантип жашайм — жашоо мүмкүн болбосо.